Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө жаран баласын бычактап өлтүрдү. Бала ооруканага жетпей каза болгон

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген

Ысык-Көлдө үй-бүлөлүк жаңжалда атасы уулун бычак менен сайып салган. Бул фактыны Vesti.kg сайтына облустук милициядан тастыкташты.

Маалым болгондой, бир күн мурун Түп РИИБге аймактык ооруканадан 27 жаштагы А.М бычактан алган жаракаты менен келип түшкөнү тууралуу маалымат түшкөн. Дарыгерлер бейтапты текшере баштаганда ал эчак эле өлүп калган.

Бул күнү үй-бүлөлүк чырдан улам Тасма айылынын 63 жаштагы тургуну А.М. уулуна сол жамбашынын аймагына бычак сайган.Ал алган жараатынан ооруканага жетпей каза болгон.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголду. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Шектүү Түп районунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына камалды.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх