УКМК Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагынын мурдагы башчысын кармады (фото)
Жерди мыйзамсыз сатууга жергиликтүү бийликтин өкүлү аралашкан
УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында Төлөйкөн айыл аймагынын жооптуу адамдары тарабынан жайыт категориясынан трансформацияланбастан жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында , Ош облусунун Кара-Суу районунун айыл аймагынын мурдагы башчысы М.З. кармалды. Ал КР УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.
Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
УКМК басма сөз борбору
УКМКнын сүрөтү
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз