Чүй облусунда 18 жаштагы мал ууру кармалды
Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди
Чүй облусунда мал уурдаган 18 жаштагы бала кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин Чүй РИИБге жергиликтүү тургун 24 жаштагы С.Н., мал сарайдан торпок уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.
Аталган факт РИИБнин КЖБРге катталган. Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши козголгон.
Ал арада укук коргоо кызматкерлери тарабынан уурулук фактысы аныкталып, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ошондой эле, милиция кызматкерлерине жигит тарабынан жасалган ушул сыяктуу беш уурулук фактысы аныкталган.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Бул тууралуу Чүй облустук ИИББнын басма сөз кызматы билдирди
Сүрөт www