Жалал-Абадда сейил бактагы аттракциондон кулап кеткен кыз реанимацияга түштү
Бир жаш жигит да жаракат алган. Ал сыныктары менен ооруканага жаткырылган
Жалал-Абадда "Клоун" аттракционунан эки адам кулап кетти. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Милициянын маалыматы боюнча, 16-апрель күнү кечке жуук Жеңиш паркында отургучтары бузулган аттракционду 25 жаштагы бала менен 18 жаштагы кыз айдап кетишкен. Жыгылгандын кесепетинен кыз оор абалда реанимацияга, сыныктары менен жаш жигит травматологияга жаткырылган.
Кырсыктын чоо-жайын укук коргоо органдары иликтеп жатат.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз