Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК Кыргызстандан алтынды алып чыгуу аракетин алдын алды (фото)

Чекисттер “Манас” аэропортунда контрчалгындоо иштерин жүргүзүшкөн

Бүгүн, 19-апрелде УКМК «МАМ» КФнын Инспекция кызматынын кызматкерлери, ОБК жана ЮЗТ НТПнын кызматкерлери менен биргеликте баалуу металлдарды алып келүүнү жана алып чыгууну аныктоо жана алдын алуу боюнча контрчалгындоо иш-чараларынын жүрүшүндө. «Манас» аэропортунун учуу залында контрабанда жолу менен сары металлды алып өтүү аракети токтотулду.



Ошентип, чыгуу залында Өзбекстандын жарандары текшерүүдөн өтүп жатканда М.Л.К., М.Т.Т., Н.Н.К. жана М.Н.К.нын Ош-Бишкек багыты боюнча учуп келе жаткан сары темирден кол өнөрчүлүк буюмдары табылган. Алтындан жасалган делген бул кол өнөрчүлүк чынжырларынын болжолдуу салмагы 1925,22 граммды түзгөн.


Белгилей кетсек, жогоруда аталган адамдар Өзбекстандан Кыргызстандын аймагына “Достук” көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу өтүп, ошол эле учурда алтын буюмдарын мыйзамсыз алып өтүшкөн.

Учурда жогорудагы адамдардын бардыгы УКМКнын СИЗОсуна киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

УКМКнын басма сөз борбору
УКМКнын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх