Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ак-Суу районунун тургунунун үйүнөн ак илбирстин териси жана баш сөөгү табылды (фото)

Ал киши жаныбарды атпаганын айтып, таанышын бат эле «карматып» койгон

Ак-Суу РИИБге аталган айылдын жашоочуларынын бири ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактап жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат түшкөн. Сотко чейинки териштирүүлөр башталды.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүүнүн өздүгү такталды. Ал Ак-Суу районунун борбору Теплоключенка айылынын 37 жаштагы тургуну болуп чыкты.


Шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдар, ошондой эле жоголуп бара жаткан эки метрлик жаныбардын – Кызыл китепке кирген ак илбирстин териси жана баш сөөгү алынган.



Кылмышка шектүү Д.М. Алдын ала сурак учурунда ал жаныбарды таанышы атып салганын, анын терисин жана баш сөөгүн үйүнө убактылуу сактоо үчүн таштап кеткенин айткан. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары аталган райондун Ак-Булуң айылынын 48 жаштагы Б.Э. Шектүү күнөөсүн мойнуна алган жок. Ал жаныбарды Ак-Суу районунун Сырт өрөөнүнөн атканын айткан. Ошондой эле, шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда тиешелүү уруксат кагаздары жок ок атуучу куралдар табылып, алынган.

Тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх