Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Балыкчыда аскер кызматкерлеринин айлык акысына каралган акчаны аскер бөлүктүн кызматкерлери өздөштүргөн

Алар каржылык документтерди жасалмалап, 900 миң сомдон ашык акчаны өзүнө ыйгарып алышкан

Аскер прокуратурасы тарабынан КР Куралдуу Күчтөрүндө бюджеттик каражаттарды кымырып алуу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш жүргүзүлүүдө.

Коргоо министрлигинин Балыкчы шаарында жайгашкан 20636-аскер бөлүгүндө прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө кызмат адамдары тарабынан каржылык документтерди жасалмалоо жана аскер кызматкерлерине 900 миң сомдон ашык суммадагы жөлөк пул төлөөгө багытталган акча каражатын мыйзамсыз пайдалануу фактылары аныкталган.

Бул факты боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан 210-берене (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же ээлеп алуу), 337-берене (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 346-берене (Кызматтык жасалмачылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх