Сокулук РИИБдин тергөөчүсү жана ыкчам кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды
УКМКнын маалыматы боюнча, аталган милиция кызматкерлери жарандын аракетинде кылмыштын курамы жок экенине карабай, андан акча талап кылган
УКМК Ички иштер министрлигинин Тышкы чалгындоо кызматы менен биргеликте сотко чейинки өндүрүштүн алкагындаКР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара талап кылуу) менен 28-апрель күнү Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү М.Э. жана Сокулук РИИБнин тергөөчүсү У.И. кармалды.
Буга чейин Кыргыз Республикасынын жараны А.Ж. сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 50 000 сом талап кылган Сокулук РИИБнин кызматкерлерине чара көрүү тууралуу жазуу жүзүндө арыз менен кайрылган.
Белгиленгендей, 2022-жылдын апрель айынын башында Сокулук РИИБге А.Ж. уурулук фактысы боюнча арыз ээсинин кайрылуусу келип түшкөн, анын кароосунун жыйынтыгы боюнча кылмыштын курамынын жок экендиги аныкталган. Бирок Сокулук РИИБнин кызматкерлери ар кандай шылтоолор менен сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 50 000 сом акча талап кылууга аракет кылышкан.
2022-жылдын 28-апрелинде саат 17:00дөр чамасында Бишкек шаарынын Учкун кичи районунда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын лейтенанты М.Э. 10 миң сом пара катары алып жатканда кармалган.
Ал УКМКнын СИЗОсунун УККсына киргизилип, башка кызматкерлерге карата бул мыйзамсыз жосунду жасоого алардын канчалык деңгээлде тиешеси бар экенин аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
УКМКнын басма сөз борбору
УКМКнын сүрөтү