­
УКМК Кыргызстандан сыртка малды экспорттоо боюнча коррупциялык схеманын бетин ачты - Вести.kg - Новости Кыргызстана
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК Кыргызстандан сыртка малды экспорттоо боюнча коррупциялык схеманын бетин ачты

Жалал-Абаддагы ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыктын башчысы акчага уруксат кагазын берип жаткан жеринен кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жасалма ветеринардык документтерди колдонуу менен Кыргызстандан ири мүйүздүү жана майда малды алып чыгуу (экспорттоо) боюнча туруктуу коррупциялык схеманы аныктап, токтотту.


Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында аталган схеманы ишке ашырууга Жалал-Абад шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын начальниги Ш.Н.Т.нын түздөн-түз тиешеси бар экендиги аныкталып, 21 күндүк карантиндик жана термометриялык жол-жоболорду сактоо талаптарын бузуу менен №1 формадагы ветеринардык күбөлүктөрдү берген.
Ш.Н.Т., ошондой эле кылмыштуу схеманын башка катышуучулары 100 000 сомдон ашык бүтүм түзүп жаткан жеринен кармалган.


Аталган адамдар Жалал-Абад ОИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМКнын басма сөз борбору
УКМКнын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх