Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чүйдө кызгалдак талаасында мушташкан аялдарды милиция издеп жатат (видео)

Талаа ээси окуя тууралуу кошуналарынан билгенин айтты

Бир күн мурун социалдык тармактарда кызгалдак талаасында аялдардын мушташы тартылган видео тараган.

Vesti.kg сайтына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, окуя Бишкек-Теплые ключи унаа жолунун 18-чакырымында Таш-Мойнок айылына жакын жерде болгон. Ал эми кызгалдак талаасынын ээси Ж.Т. Ал мушташ тууралуу кошуналарынан укканын айтты. Ал окуянын катышуучуларын тааныбасын билдирген.


Окуянын чоо-жайын тактоо үчүн кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Денеге залал келтирүү фактысы боюнча милицияга арыз менен эч ким кайрылган эмес. Алдын алуу максатында милиция кызматкерлери тарабынан жарандарга мыйзамды сактоо, дыйкандардын эмгегин сыйлоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх