Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИК-47де өрт чыккан. Жабыркагандар жок

Колониядагы өрттүн келип чыгуу себептери такталууда

Бүгүн түнү ИК No47 имаратында өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Окуя болгон жерге эки өрт өчүрүүчү бөлүм, бир суу ташуучу жана ыкчам топ тартылган.


Өрттүн кесепетинен 2 кабаттуу үйдүн 3 бөлмөсү 200 чарчы метр шифер жабылган чатыры күйгөн.

Жабыркагандар болгон жок. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.


Буга чейин интернетте абактагылар тополоң уюштурганы тууралуу маалымат пайда болгон. Бирок Жаза аткаруу кызматы муну четке какты. Өрт турак жайда эмес, эски, бош турган ПЖД цехинин (суюк басымдагы стартер) 2-кабатында чыкканы белгиленген.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх