Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аламүдүн районунда белгисиз бирөө милиционерге кол салып, аны сабап салган

Милиция окуяга тиешеси бар адамдарды издеп жатат

Аламүдүн районунда белгисиз бирөө милиционерге кол салып, аны сабап салган. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Түнкүсүн Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын милициянын улук тескөөчүсү Т.А. Ал 30-35 жаштардагы азиат түспөлүндөгү белгисиз адамга карата чара көрүүнү суранган. Саат 23.00дөр чамасында Аламүдүн районунун Восток айылынын көчөлөрүнүн биринде арт жактан чуркап келип, орой сөздөр менен милиционерди белгисиз нерсе менен башына чаап, денесине залал келтирүүнү уланткан. Андан соң белгисиз тарапка качып кеткен.

Бул факт КЖБРдеде катталган.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери жөнөп кетишкен. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды.

Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча бир катар тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх