Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Укук коргоочу: Караколдо күйөөсү майып аялын катуу сабап салган. Милиция да чара көргөн жок.

Облустук ИИБнын билдирүүгө өз убагында чара көрүшкөнүн билдирди

Каракол шаарынын бир нече жолу токмок жеген майып тургуну Ысык-Көл облустук ооруканасына оор абалда жаткырылган. Бул тууралуу укук коргоочу Камил Рузиев Twitter социалдык тармагындагы баракчасында билдирди.

«Караколдук майып Айзат Үсөнбаева күйөөсү тарабынан бир нече жолу токмоктолуп, оор абалда Ысык-Көл облустук ооруканасына жаткырылган. Алар соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатышат», — деп жазган ал.

Ал эми облустук ички иштер башкармалыгы бул маалыматты четке кагып, 14-майда ооруканага 1984-жылы туулган У.А.нын денесинен жаракат алып жаткырылганын айтышкан.

«Бул билдирүү КЖБРде катталган. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 177 "Үй-бүлөдөгү зомбулук" беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши козголгон.


Окуя болгон жерге ыкчам-иликтөө тобу барып, аялды күйөөсү 1993-жылы туулган Р.У. Жабырлануучунун айтымында, саат 00.30дар чамасында күйөөсү кызганычтан улам аны үйдүн короосунда сабап салган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, коргоо ордери чыгарылган.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 1-бөлүгү «Кыйноо»беренеси боюнча кылмыш иши козголду деп айтылат облустук милициядан.

Кылмышка шектүү Р.В. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх