Милиция кызматкерлери Ала-Бука районунда мыйзамсыз кендерди казып жаткан жарандарды кармашты
Милиция кызматкерлери кичинекей көк таштар салынган рюкзак табышкан
Милицияга 15-майдан 16-майга караган түнү Ала-Бука районундагы «Фулл Голд Майнинг» ЖЧКсынын аймагында Чаткал районунун тургундары мыйзамсыз түрдө алтын кендерин казып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Андан соң тоо-кен ишканасынын коопсуздук бөлүмүнүн кызматкерлери кол салгандардын бирин кармаса, калгандары качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Мындан тышкары, рюкзак табылган, анын ичинде салмагы болжол менен 5-6 кг болгон көк түстөгү майда таштар жана перфоратор табылган.
Топтолгон материал Ала-Бука РИИБге каттоого алынган. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголду.
17-май күнү жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Ала-Бука РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мурда качып жүргөн Т.Э., Б., А., И.М., И.Н., К.И., Д. В.ны кармады.
Жарандар шектүү катары Ала-Бука районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди
Сүрөт www