Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ошто мас абалында мушташкан милиционер иштен алынды (видео)

Түштүк борбордун ИИБнын кызматкери нөөмөттөн өтүп, спирт ичимдигин ичип, коомдук тартипти бузган

Бир күн мурун Instagram баракчасына @azamatormokeev аттуу колдонуучу мас абалындагы милиционердин жарандарга орой мамиле жасаган видеосун жарыялаган.



Түштүк борбордун милициясы билдиргендей, видеодогу жаран Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнүн кызматкери болуп чыкты. Кызматтык иликтөөдөн кийин милиционер бул себептерден улам кызматынан бошотулган.

Аталган кызматкер нөөмөттөн өткөндөн кийин үйүнө келе жатып спирт ичимдигин ичип, коомдук тартипти бузгандыгы аныкталган.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх