ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары акыркы учурда Бишкекке келбей турган болду
Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович белорусиялык ЖМКларга билдирди
ЕАЭБге кирген мамлекеттердин башчылары Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн Бишкекке келбейт. Президенттердин жолугушуусу онлайн режиминде өтөт. Бул тууралуу Беларусь журналисттерине Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович билдирди.
"Биз муну жеке өткөрүүгө даярданып жатканбыз, бирок жакында эле форумга жана кеңештин жыйынына мамлекет башчылары видеоконференция аркылуу катышат деп чечим кабыл алынды", - деди Мясникович.
Vesti.kg сайтынын редакциясы комментарий алуу үчүн президенттин басма сөз кызматына кайрылып, бул боюнча расмий маалыматты кийинчерээк берүүнү убадалашты.
Эске салсак, 26-27-майда Бишкекте биринчи Евразиялык экономикалык форум өтүп, ага ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары катышат.
Михаил Готфрид
Сүрөт www