Kaktus.mediaга каршы иш токтотулду
Башкы көзөмөл органы интернет-порталдагы басылмалардан кылмыштын курамын тапкан эмес
Kaktus.media маалымат басылмасына козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу алардын сайтында айтылат.
Башкы прокуратура басылманын басылмаларынан кылмыштын курамын таппаганы такталган.
Эске салсак, буга чейин Kaktus.media сайтына тажик ММКларында жарыяланган материалдарды кайра басып чыгарганы үчүн 407-берененин «Согушка үгүттөө» боюнча кылмыш иши козголгон. Медиа коомчулугу активисттер менен биргеликте бул ишти басма сөзгө басым жасоо менен байланыштырып, Бишкектин Биринчи Май райондук прокуратурасынан тез арада аны токтотууну талап кылышты.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз