Акылбек Жапаров менен Абдулла Арипов телефон аркылуу сүйлөштү
Тараптар өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык тармакта кызматташууну талкуулашты
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов телефон аркылуу сүйлөштү.
Министрлер кабинетинде айтылгандай, сүйлөшүү өлкөлөр ортосундагы гуманитардык жана соода-экономикалык кызматташтык тууралуу болду.
«Биз соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана мамлекеттер ортосундагы товар жүгүртүүнү жогорулатуу максатында жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга даярдыгын талкууладык», - деп билдирди басма сөз кызматы.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз