Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте шахмат боюнча балдар арасында өзгөчө турнир өттү

Эл аралык шахмат турнири биринчи эл аралык гроссмейстер кыргызстандык Леонид Артаевдин эскерүүдө

Шаардык «Диалог» маданият үйүндө Леонид Юртаевдин кубогу жана  эл аралык мелдештерге катышуу үчүн шахмат боюнча балдардын тандоо   турнири болуп өттү.


Турнирге 8, 10, 12 жана 14 жашка чейинки категориялар боюнча 100гө жакын бала катышты.

Ошондой эле катышуучулар  Фиденин эрежеси боюнча   7 раунд бою швейцариялык система менен ойношту.


Балдар арасындагы жыйынтык боюнча:
Нурбеков Алинур (8 жашка чейин),
Токтобеков Шабдан (10 жашка чейин),
Нуров Байзак (12 жашка чейин),
Амиражанов Бекбол (14 жашка чейин)

Кыздар арасында:
Сайзилдаева Аймана (8 жашка чейин),
Субанкулова Каныкей (10 жашка чейин),
Съездбекова Айжан (12 жашка чейин),
Токтобекова Азема (14 жашка чейин).

Эске салсак 12-22-июнь аралыгында Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын биринчи эл аралык гроссмейстери Леонид Юртаевдин элесине арналган шахмат боюнча эл аралык турнир өтөт.

Ошондой эле бул мелдешке Борбор Азиянын ар кайсы өлкөлөрүнөн жана Россиядан 300гө жакын шахматчы  катышат.

Бишкек мэрия

Фото мэрия Бишкек

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх