Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги кызды куткарып калган милиционер: Талап-тоноо, уурдоо, ар кандай кармоо жана мушташуу болгон, бирок биз биринчи жолу ушундай жагдайга туш болдук

Милиция кызматкерлери окуянын чоо жайын айтып беришти

Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында Бишкек шаарынын кичи райондорунун биринде жаш кыз туугандары менен урушуп, көп кабаттуу үйдөн секирүүгө аракет кылып жатканы айтылган. Чакыруу болгон жерге тез арада Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгынын кызматкерлери келишип, ыкчам аракеттеринин натыйжасында жаш кызды секирүүгө жол бербей, өлүмдөн сактап калышты.

Кызды куткарган кызматкерлер Бишкек шаарынын Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгынын 4-ротанын, 3-взводунун кенже инспекторлору милициянын старшинасы Усеинов Нурсултан жана милициянын сержанты Курманбек уулу Нурмат болгон. Аталган кызматкерлер Ички иштер органдарында 2020-жылдан бери кызмат өтөп келишет.

Белгилүү болгондой, 2022-жылдын 18-майында Усеинов Нурсултан менен Курманбек уулу Нурмат саат 16:40тө «Жал» кичи районунда көп кабаттуу үйлөрдүн биринин чатырында секирүүгө аракет кылып жаткан кыз байкалгандыгы тууралуу чакырык түшкөн.

Усеинов Нурсултан айткандай, алар шериги менен токтоосуздан №20  үйдүн чатырында жаш кызды байкап, бир секундага да создуктурууга болбой тургандыгын түшүнүп, чатырга ыкчам чыгышкан.

Нурсултан Усеиновдун айтып бергендей - “Чатырга чыгып, мен ыйлап жаткан кыз менен сүйлөшүп, аны секирбе деп айта баштадым, ошол учурда менин шеригим Курманбек уулу Нурмат акырындык менен ага жакындап, ага ал бир азга алаксып, шеригим өмүрүн тобокелге салып аны чатырдын четинен сууруп алды”.

Курманбек уулу Нурмат бул Ички иштер органдарында кызмат өтөгөн учурдагы биринчи окуя экендигин белгилеп, “Талап-тоноо, уурдоо, ар кандай кармоо жана мушташуу болгон, бирок биз биринчи жолу ушундай жагдайга туш болдук” – деп маалымдады.

Нурсултан Усеинов бул жагдайдын жыйынтыгы күтүүсүз болгонун айтты, бирок алар кесиптеши менен кызды кантип сактап калуу керектигин жана анын өлүмүнө жол бербөөнү гана ойлошкон.

“Биз өз иш–аракетибизди баатырдык деп эсептебейбиз, бул биздин адамдык милдетибиз - мындай учурларда биз четте калбашыбыз керек. Биздин иш-аракет - бул кесиптик милдет", - деп жыйынтыктады Нурсултан.

МККБнын кызматкерлеринин тобокелчиликке байланыштуу кесиптик жана ыкчам аракеттеринин натыйжасында кызга өз жанын кыюуга жол берилген эмес.

Куткарууга катышкан иш-аракеттер байкалбай калган жок, кызматкерлердин бул баатырдык иш-аракетери үчүн ИИМдин жетекчилиги тарабынан албетте сыйлоо каралат.

ИИМдин Басма сөз кызматы.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх