Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ТИМ Жээнбек Кулубаев АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча жардамчысын кабыл алды

Санкциялардын КРнын экономикасына тийгизген таасирин азайтуу, ошондой эле чек ара коопсуздугун чыңдоого көмөк көрсөтүүнү активдештирүү маселелери каралды

Бүгүн, 23-апрелде тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Борбор Азия өлкөлөрүн кыдыруунун алкагында Кыргызстанга келген АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча жардамчысы Дональд Луну кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америкалык мамилелердин актуалдуу маселелерин, ошондой эле аймактык жана глобалдык күн тартибин талкуулашты.

Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизген практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү өзгөчө белгиленди. Буга байланыштуу инвестициялык кызматташтыкты арттыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Өз-өзүнчө эл аралык санкциялардын Кыргызстандын экономикасына тийгизген терс таасирин азайтуу, ошондой эле чек ара коопсуздугун бекемдөөгө көмөк көрсөтүүнү активдештирүү маселелери каралды.

Өзүнчө С5+1 платформасынын алкагында мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар эки тараптуу кызматташуунун кеңири спектри боюнча конструктивдүү диалогду улантууга өз ара ниеттерин ырасташты.

КРнын ТИМ маалымат департаменти
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх