Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Москвада курулушта кран кулап кыргызстандык каза болгон

Элчиликте каза болгон КРнын жаранынын сөөгүн мекенине жөнөтүү маселеси каралууда

Москва шаарындагы курулуш объектисинде мунара кранынын кулашынын кесепетинен Кыргызстандын жараны каза болгондугу тууралуу маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланганына байланыштуу КР Тышкы иштер министрлиги төмөндөгүлөрдү билдирет:
 
Москвада кран кулап анын кесепетинен Кыргызстандын жараны 1999-жылы туулган Р.у.Н. каза болгон.
 
Элчилик Россиянын укук коргоо органдарына жана Москва мамлекеттик эмгек инспекциясына КР жаранынын өлүмүнүн себептерин жана жагдайларын тактоо үчүн кайрылуу жөнөткөн.
 
Элчилик каза болгон Кыргыз Республикасынын жаранынын сөөгүн мекенине жөнөтүү маселесинин үстүндө иштеп жатат.

Бул окуя КР Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүнө алынды.
 
ТИМ маалымат бөлүмү
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх