Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Дженго" уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды (сүрөт)

Кадыр Досоновдун бандиттери эл аралык маңзат соодасына катыштыгы бар деп шектелүүдө

УКМКнын кызматкерлери эл аралык баңгизат каналына тиешеси бар уюшкан кылмыштуу топтун үч активдүү мүчөсү Кадыр Досоновду (Дженго) кармашты.

Ошентип, 21-майда «Тажикстан-Кыргызстан-Өзбекстан» багыты боюнча эл аралык баңгизат каналына тиешеси бар деген шек менен Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун үч мүчөсү: А.У.Т., М.у.М., жана Т.Ж.А кармалды.


Ош облусунун айрым тургундарынын ичинен уюшкан кылмыштуу баңги тобу жогоруда аталган каттам боюнча эл аралык баңги каналын түзгөндүгү аныкталган.

21-май күнү Баткен районунун Кадамжай шаарында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө, «Азия Нефть» май куюучу жайынын аймагында, кармалган «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаанын жанынан текшерүү учурунда сары скотч менен оролгон 2 даана брикет түрүндөгү зат табылган. Өзгөчө жыты бар (болжол менен «гашиш»), жалпы салмагы 1 кг 980 граммды түзгөн.


Учурда кармалгандар Баткен шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул баңги каналынын башка катышуучуларын аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын тиешелүү комплекси жүргүзүлүүдө.

УКМКнын басма сөз борбору
УКМКнын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх