Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Теплые ключи» комплекси 15 жылга «Электр станцияларына» өткөрүлүп берилген

Чечим ден соолукту чыңдоо комплексинин мүлкүн сактоо, натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынды

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылы дарегинде жайгашкан «Теплые ключи» дарылоо-ден соолукту чыңдоо комплексинин кыймылсыз мүлкү «Электр станциялар» ачык акционердик коомуна кийин мөөнөтүн узартуу укугу менен 15 жылдык мөөнөткө акысыз убактылуу пайдаланууга берилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Мындай чечим «Теплые ключи» ден соолукту чыңдоо комплексинин мүлкүн сактоо, эффективдүү жана сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынган.

«Теплые ключи» ден соолукту чыңдоочу комплекси 1977-жылы энергетика тармагынын кызматкерлерин зыяндуу өндүрүштүк шарттардан реаблитациялоо, оорулардын алдын алуу, дарылоо жана эс алуу үчүн пайдаланууга берилген.

Белгилей кетсек, азыркы учурда «Теплые ключи» ден соолукту чыңдоо комплексин модернизациялоо, имараттарын жана курулмаларын талаптагыдай деңгээлинде кармап туруу зарыл. Ал эми аны тейлөө дагы эле «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун финансылык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүдө.

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх