Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эдил Байсалов Чүй облустук ооруканасында болуп, Эрнст Акрамов менен жолугушту

Министрлер кабинети оорукананын кызматкерлери өлкө жетекчилигине жакында эле айлык акынын жогорулашы үчүн ыраазычылык билдиришкенин билдирди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Чүй облустук бириккен ооруканасына барды.

Алгач ал, Чүй облустук ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы, профессор, Кыргыз Республикасынын Баатыры Эрнст Акрамов менен жолугушту.

Маектешүүдө Эдил Байсалов көрүнүктүү хирургдун ден соолугун сурап, абалы жакшы экендигин, ишин улантып, жаш кесиптештерине практикалык бай тажрыйбасын бөлүшүп жаткандыгын канаттануу менен белгиледи.

Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары хирургия, терапия жана балдар бөлүмдөрүн карап чыкты. Ошондой эле медицина кызматкерлери менен баарлашып, алардын көйгөйлөрүн укту.

Башкы дарыгер Алмаз Назарбек уулу 1956-жылы курулган оорукананын имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү зарылдыгын белгиледи.

Эдил Байсалов өлкөдөгү бир катар ооруканалар заманбап талаптарга жооп бербеген эски имараттарда жайгашканын, буга байланыштуу министрлер кабинети жаңы көп тармактуу клиникаларды куруу долбоорлорунун үстүндө иштеп жатканын айтты. Аларда медицина кызматкерлерине иштөө жана бейтаптарды дарылоо үчүн бардык шарттар түзүлөрүн баса белгиледи.

Өз кезегинде оорукананын жамааты талыкпай иштеп жатканын айтышып, жакында көтөрүлгөн эмгек акы үчүн өлкө башчысына ыраазычылык билдиришти.

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх