Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Гүлзат Мамытбек боштондукта: 10 жылдан кийин президент болом!

«Жакынкы келечекте өлкөнү өзгөртүшүм үчүн Кудай мени атайылап камады»

Бишкектин Биринчи Май райондук соту коомчулукка Гүлзат Мамытбек деген каймана ат менен белгилүү блогер, коомдук ишмер Гүлзат Алымкуловду күнөөлүү деп тапты. Бул маалыматты Vesti.kg сайтына соттун басма сөз кызматы тастыктады.

Активист КР Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси “Алдамчылык” боюнча айыпталып, беш жылга эркинен ажыратылган. Ошону менен бирге, КР Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесине ылайык, үч жылга пробациялык көзөмөл колдонуу чечими кабыл алынган. Ошентип ал сот залынан бошотулду.

Ал арада Vesti.kg сайтынын редакциясы Гүлзат Мамытбектин өзү менен байланышып, Фемиданын чечимине макул эместигин белгиледи. Ишкер айым өзүнүн пландары менен бөлүшүп, бир топ амбициялуу максатын – Кыргызстандын президенти болуу максатын да жар салды.

- Кыргызстан тез арада өнүгүүсү керек, өлкөбүздүн потенциалы чоң, - деп баса белгиледи Мамытбек. - Кандай болгон күндө да мен Кыргызстанды сүйөм жана ал үчүн жооп беришим керек. Соттордун, тергөөчүлөрдүн адилетсиздиги менин жетекчи катары менин жоопкерчилигим. Эч кимди күнөөлөгөнгө укугум жок. Жакпаса өзгөрт, болбосо жөн кой. Бизде абдан жакшы адамдар бар. Түрмөдө адам укуктары бузулган Орусияга салыштырмалуу биз ачкачылык жарыялап, укугубузду коргосок болот. Кудай мени атайын түрмөгө камады, ошондо мен муну көрүп, жакынкы арада өзгөртө алайын деп. Мен 10 жылдан кийин президент болгондо мындай болбойт. Мен сүйүктүү Кыргызстанымды оңдойм.

Мындан тышкары, ал ден соолугу жакшы экенин кошумчалады.

Эске салсак, Гүлзат Мамытбек 2021-жылдын 25-октябрында Кыргызстанга учуп келип, алдамчылыкка шектелип дароо кармалган.

Буга чейин Бишкектин Биринчи Май РИИБге жети адам кайрылып, алардан Гүлзат Мамытбек деген каймана ат менен таанымал Гүлзат Алымкулова 110 миң доллар алып кеткени айтылган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, Мамытбек жарандар салган сумманы көбөйтүүнү убада кылган, бирок бир канча убакыттан кийин ал республикадан чыгып кеткен. Келгенден кийин ал борбордун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Гүлзат Мамытбек нааразылык иретинде бир нече жолу ачкачылык жарыялап, президент Садыр Жапаровго кайрылган.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх