Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаардык соту Кумтөрдөн 261 миллиард сом өндүрүү боюнча Октябрь райондук сотунун чечимин жокко чыгарды

Өкүм Жогорку Сотко даттанууга жатат

Бишкек шаардык соту Октябрь райондук сотунун «Кумтөр Голд Компани» ЖАКсынан мамлекеттин пайдасына 261,7 миллиард сом өндүрүү боюнча чечимин жокко чыгарды.

Маалым болгондой, доо арыз менен Ц.А.А., К.Н.Д., Ж.А.Ж., К.К.С. Кыргызстанда Кумтөр алтын кенин иштетүүдө Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө калдыктарды сактоо боюнча аракеттерди мыйзамсыз деп таануу жана анын суммасын мамлекеттин пайдасына өндүрүп алуу боюнча «Кумтөр Голд Компани» ишканасына кайрылуу канааттандыруусуз калтырылды.

Чечим Жогорку Сотко даттанса болоору белгиленген.

Эске салсак, 2021-жылдын 17-майында Жогорку Кеңештин депутаттары Кумтөрдө тышкы башкарууну киргизүүгө макулдук беришкен. Тышкы менеджер болуп Тенгиз Бөлтүрүк дайындалды.

2-январда президент Садыр Жапаров Кумтөр кени Кыргызстанга кайтарылып, министрлер кабинети кенди толук көзөмөлгө алып, ээлик кылуу укугун алганын билдирген.

7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту алтын өндүрүүчү компаниядан мамлекеттин пайдасына 261,7 миллиард сом өндүрүү чечимин чыгарды.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх