Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Путин чокусунда Украинанын желеги тууралуу видеонун автору: Кыргызстан Орусиянын спутниги эмес, суверендүү өлкө

"Мен үч жыл мурун Орусиядан чыгып кеткем, анткени ал мага рухий жактан чоочун болуп калды"

Путин чокусунда Украина желеги тартылган видео жарыялангандан кийин милицияга чакырылган видеонун авторлорунун бири альпинист Дмитрий Павленко Facebook социалдык тармагындагы кара ниеттердин биринин комментарийине жооп берди.

Анын айтымында, ал үч жыл мурун Орусиядан чыгып кеткен, анткени Орусия ал үчүн «руху жат өлкө» болуп калган.

«Менин миң долларлык унаам, жүз долларлык телефонум бар, биз сүйүктүү менен бир бөлмөдө жашайбыз. Бирок ошол эле учурда Кыргызстандын альпинисттерине мурас боло турган бийик тоолуу кепелерди курууга өзүмдүн дээрлик 20 миң долларымды жана 12 жылдык ак эмгегимди жумшадым. Үчүнчүдөн, кызым Кыргызстандын жараны. Демек, мен бул өлкө үчүн кыргыз паспортунун көп ээлерине караганда көбүрөөк кызмат кылдым. Ошого жараша бул өлкө сеники сыяктуу меники да.Төртүнчүдөн, Кыргызстан Россиянын спутниги эмес, эгемендүү өлкө, мен Кыргызстандын эч кандай мыйзамын бузган жокмун», - деп жооп берди Павленко.

Эске салсак, өткөн күнү Кыргызстанда Бишкектин жанындагы Ак-Суу капчыгайында жайгашкан Путин чокусуна альпинисттер Украинанын желегин орнотушкан.

Кийинчерээк бул видеону жарыялаган авторлор милицияга сүйлөшүү үчүн чакырылган.

Элдос Казыбеков

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх