Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айтурган Эралиева быйыл Бишкектин мыкты китепканачысы болду (фото)

Сынакка беш китепканачы катышты. Ар бири бир нече тапшырмаларды аткарды

Бишкек шаардык борбордук китепканасында “2022-жылдын мыкты китепканачысы” наамы үчүн сынактын жыйынтыгы чыкты.

Сынак китепканачыларга өздөрүнүн тажрыйбасын, ийгиликтерин жана жетишкендиктерин эл алдында көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түздү.

Сынакка 5 китепканачы катышты. Жыйынтыгында сынактык комиссия эң көп упай топтогон жеңүүчүлөрдү аныктады. Аларга бир нече тапшырмаларды аткаруу сунушталды. Натыйжада китепканачы болуп шыктанган адам гана иштей ала тургандыгы белгилүү болду.


2022-жылдын мыкты китепканачысы болуп шаардык борбордук китепкананын атынан Айтурган Эралиева табылды. Биринчи орунду Гүлзат Жолжошова, экинчи орунду Элиза Болотова ээледи.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө жана лауреаттарына баалуу сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле  Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин таланттуу студенттеринин күүлөрү, ырлары, чакан концерттик программасы тартууланды.


Бишкек мэриясы

  

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх