Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖККда мугалимдерди кемсинткени үчүн мектеп окуучуларынын ата-энелерине айып салуу сунушталууда

Камила Талиева окуучулардын ата-энелеринин жоопкерчилиги ачык айтылбаганына нааразы. Мындан тышкары класстарга видеокамераларды орнотуу сунушталууда

Бүгүн Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында “Кодекске өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, ага ылайык, кемсинткен мугалимдерге 30 эсептик көрсөткүчтө айып салынат.

Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Депутат Камила Талиева ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатуу зарыл деп эсептейт.

- Мугалимдердин укуктары, милдеттери жазылган, бирок ата-энелердин жоопкерчилиги кандай? Талиева нааразы болду. - Ата-энелер мектепке келип, мугалимдерди сабаган учурлар көп, тилекке каршы бардык жерде кездешет. Социалдык тармактарда көргөнүбүз деңиздин тамчысы.

Ал арада эл өкүлү мектептерге видеокамераларды орнотуу чыр-чатактарды бир топ кыскартат деп ишенет.

«Бул дагы деле кымбат экенин түшүнөм, бирок келечекте ар бир мектепке, бардык класстарга видеокамералар орнотулушу керек», - деп улантты Талиева. -Ошондо мугалимдер окуучуларды сабап кете албайт, окуучулар мугалимдерди кордобойт. Андан сырткары билим сапаты жакшырат, анткени камера сабактын кандай өткөнүн көрсөтүп турат. Видеокамераларды орнотуу менен мектептеги көптөгөн көйгөйлөр жоюлат. Мындан тышкары мектептерге психологдордун штатын киргизүү зарыл деген кесиптештеримдин пикирине кошулам.

Ислам Жолдошов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх