Садыр Жапаров: Владимир Путиндин темир жолдун курулушуна каршылыгы жок
Президент Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан жолунун курулушу качан башталарын айтты
Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу качан башталарын айтты.
Мамлекет башчысына бул маселе эмне үчүн 20 жылдан бери көтөрүлүп келе жатканы суралды. Адистердин айтымында, орус тарап бул жолдун курулушуна каршы», - дейт ал.
«Чындыгында бул жолдун курулушу тууралуу 20 жылдан бери айтып келе жатабыз. Бирок курулуш эч качан башталган эмес. Ушул убакка чейин орус тарапка бул темир жол бизге абадай, суудай керек экенин эч ким түшүндүрө алган эмес. Жакында ЖККУнун саммитинде мен Владимир Владимирович менен ушул темада сүйлөштүм. Акырында бул жолдун биз үчүн маанисин түшүнүп, эч кандай каршылыгы жок экенин айтты. Кудай буюрса, быйыл долбоор бүтүп калса, кийинки жылы курулуш иштери башталат. Бул жол курулса, биз “туйгу” абалдан чыгып, транзиттик өлкөгө айланабыз. Жумуш орундары болот. Экономика гүлдөйт. Кечээ эле биз тышкы карызыбызды кантип төлөйбүз деп сарсанаа болдук. Эми бизде Кумтөрдөн башка дагы каржы булагы болот», - деп жыйынтыктады президент.
Сүрөт www