Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Балыкчыда каттоодо жок темир жол тилкелери аныкталды

Алар мамлекеттин менчигине алынып, “Кыргыз темир жолу” ишканасынын балансына өткөрүлгөн

Транспорт прокуратурасы тарабынан мамлекеттик мүлк жөнүндө мыйзамдардын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, Балыкчы шаарындагы «Ысык-Кулоблстройматериалы» ЖАК ишканасынын жана Рыбачье станциясынын аймагында узундугу 3800 метрди түзгөн бириктирүүчү темир жол тилкелери бар экенин аныктаган.Алар үчүн менчик ээлери “Кадастр” мамлекеттик мекемесинде жана Балыкчы шаарынын мэриясында каттоодон өткөн эмес.

Прокурордук чара көрүүнүн бул актысына байланыштуу жалпы баасы 75 млн 84 миң сомду түзгөн жогоруда аталган темир жол рельстери мамлекеттин менчигине алынып, «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын балансына өткөрүлгөн.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх