Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу: Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчисинин орун басарына прокуратура чара көрүшү керек

«Мурдагы президент 2016-жылдан бери өз үйүндө жашап жатканын элдин баары билет. Ал эми экс-биринчи айым менен Кадырбек Атамбаев азыр да ошол жерде жашашат”

Прокуратура Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басарына чара көрүшү керек. Мындай пикирин мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, сот аткаруучу Атамбаевдин командасына имараттын ижарачыларын мажбурлап чыгаруу боюнча соттун чечими болушу керектигин тастыктады.

Ошол эле учурда адвокат анын жубайы Раиса Атамбаева менен уулу Кадыр Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүндө жашаарын белгиледи.

«Мурдагы президент бул үйдө 2016-жылдан бери жашап келгенин элдин баары билет. Ал эми экс-биринчи айым менен Кадырбек Атамбаев азыр да ошол жерде жашашат. А Атамбаев абактан чыккандан кийин каякка келет? Анын намыскөй мүнөзүн билип туруп, балдары менен да жашагыла деп сурабайт деп ойлойм. Же бийликтегилер абактан тирүү чыкпайт деп үмүт кылып жатабы?». — деп суроо узатты Жоошев.

Эске салсак, бир күн мурда Замир Жоошев Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары Канат Рыскулов ультиматум койгонун, ага ылайык үч күндүн ичинде экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүн бошотуу талабы коюлганын билдирген.

Ал арада кечээ Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасынын орун басары Медер Мышыев Vesti.kg сайтына кесиптеши Канат Рыскулов жогорудагы маселе менен алектенгенин тастыктады. Бирок расмий ФУГИ соттун чечимин гана аткарат деп ырастоодо.

Кошумчалай кетсек, кечээ КСДПнын лидери Темирлан Султанбеков Атамбаевдин командасы мурдагы мамлекет башчынын үйүнүн аймагына балдар спорт комплексин курууну көздөп жатканын билдирген. Атамбаевдин адвокаттары тыюу салууну үйдүн аймагына балдар үчүн спорт комплексин ачканы жатканы тууралуу маалымат менен байланыштырууда.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх