Аскар Сыдыков ЕАЭБ өлкөлөрүн чек арадан товарларды өткөрүүнүн оптималдуу моделин түзүүгө чакырды
ЭИК жетекчиси бизнес сунуштарын Евразия экономикалык форумунда билдирди
Евразия экономикалык форумунда 2022-жылы ЭИКтин аткаруучу директору Аскар Сыдыков ЕАЭБ алкагында жүктөрдү комплекстүү өткөрүү көйгөйүн көтөрүп, өлкөлөрдү жүктөрдү чек ара аркылуу өткөрүүнүн оптималдуу моделин түзүүгө чакырды. Бул тууралуу ЭИКтин басма сөз кызматы билдирди.
Сыдыков товарларды соодалоо чөйрөсүндөгү көйгөйдөн тышкары кызмат көрсөтүүлөрдү либералдаштыруу, атап айтканда аудит жана юрист кызматтары жаатындагы маселелерди көтөрдү. Чектелген ресурстары бар деңизге чыга албаган Кыргыз Республикасы үчүн азыркы учурда ЕАЭБ алкагында жүктөрдү чек арадан өткөрүү кыйынчылыгы негизги жана эң актуалдуу тоскоолдук болуп саналат.
Бул көйгөй бир жылдан ашык убакыттан бери бар жана ал мамлекеттер ортосунда, анын ичинде Евразия экономикалык комиссиясынын жана Дүйнөлүк соода уюмунун платформаларында дайыма эң жогорку деңгээлде көтөрүлүп келет.
ЭБКнын басма сөз кызматы
Сүрөт ЭИКтин басма сөз кызматы