Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

БАЭнин экономика министри Бишкекке келди

Абдулла бин Таук Аль-Марринин иш сапарынын алкагында Бишкекте бир катар жолугушуулар болот

Бириккен Араб Эмираттарынын Экономика министри Абдулла бин Таук Аль-Марри Бишкекке Соода-өнөр жай палатасы федерациясынын делегациясы жана БАЭнин ишкерлери менен келди.


“Манас” аэропортунан аны экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев, Кыргыз Республикасынын БАЭдеги элчиси Абдилатиф Жумабаев жана БАЭнин Кыргызстандагы элчиси Мохаммед Саед Аль Арики тосуп алды.

Бүгүн “Ала-Арча-1” мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасы менен БАЭнин экономика министрлеринин жолугушуусу болот.

Абдулла бин Таук Аль-Марри ошондой эле Кыргыз-Эмират бизнес форумуна катышат, анда БАЭ жана Кыргыз Республикасынын авиация, энергетика, соода, инвестиция жана өнөр жай сыяктуу секторлордогу алдыңкы компаниялары катышат.

Иш сапардын алкагында БАЭнин экономика министри министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен да жолугушат.

Экономика министрлигинин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх