Эрназар Акматалиев менен Бекболот Мырзанар уулу алтын тагынды
Алибек Осмонов коло медалдын ээси болду
Кыргызстандык спортчулар Эрназар Акматалиев менен Бекболот Мырзанар уулу Алматыда өткөн UWW эл аралык турниринде алтын медалга ээ болушту.
Эрназар Акматалиев 70 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан. Чейрек финалда Түркиядан келген спортчуну жеңип алды. Жарым финалда кыргызстандык мекендешибиз Алибек Осмонов менен беттешип, аны 2:0 эсебинде жеңип алды. Финалда Акматалиев казакстандык Родион Анчугин менен кез келип, жеңишке жетти.
Ал эми Алибек Осмонов да коло үчүн күрөштө казакстандык спортчуну жеңип, 3-орунга ээ болду.
Бекболот Мырназар уулу 61 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан. Тайпалык баскычта Казакстан менен Тажикстандын спортчуларын жеңип алды. Жарым финалда кыргызстандык пакистандык спортчуну 10:0 эсебинде утуп алды. Финалдык беттеште Бекболот Мырназар уулу казакстандык Жассулан Таскул менен беттешип, 11:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.
Ошол эле учурда турнирде дагы бир кыргызстандык Саякбай Усупов күмүш медаль тагынды. Ал турнирге 79 килограммга чейинки салмак ченинде катышкан.
Анын биринчи атаандашы кыргызстандык Арсалан Будажапов болуп, аны Усупов 12:3 эсебинде жеңген. Жарым финалда ата мекендик балбан казакстандык спортчуну 8:1 эсебинде жеңип алды. Чечүүчү беттеште Саякбай Усупов казакстандык балбанга 4:1 эсебинде утулуп калды.
Белгилей кетсек, Арсалан Будажапов коло үчүн беттеште утулуп, 5-орунга ээ болгон.
Эске салсак, буга чейин кыргызстандык балбандар Акжол Махмудов менен Айпери Медет кызы алтын медаль тагынышкан. Калидин Асикеев жана Ренат Ильяз уулу - коло.
Сүрөт www