Бишкекке Тажикстандын футбол командасы келди
Эки күндөн кийин Азия кубогуна тандоо турнири башталат
Тажикстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Азия кубогу-2023 тандоо турнирине катышуу үчүн Бишкекке келди.Бул тууралуу команданын башкы машыктыруучусу Петр Сегрт журналисттерге билдирди.
Беттешке 25 оюнчу келип, алардын 23ү команданын акыркы тизмесине кирип, турнирге катышат.
Тажикстандын курама командасы Мьянма, Сингапур жана Кыргызстан менен ойнойт. Кийинки оюн 8-июнда өтүп, биздин өлкөнүн курама командасы менен тажиктер 14-июнда беттешет.
Эске салсак, Азия кубогу - 2023 финалына чыгуу укугу үчүн 24 өлкөнүн курама командалары ат салышат: Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Мьянма, Гонконг, Йемен, Афганистан, Иордания, Бахрейн, Кувейт, Түркмөнстан, Малайзия, Мальдив аралдары. , Сингапур, Непал, Монголия, Бангладеш, Шри-Ланка, Индонезия, Камбоджа, Палестина, Индия, Таиланд жана Филиппин. Алар төрт командадан турган алты тайпада ойношот. 2023-жылкы Азия Кубогунун финалына 11 команда чыгат – алты тайпанын жеңүүчүсү жана эң жакшы жыйынтык менен экинчи орунду алган беш команда.
Турнирге буга чейин Сирия, Австралия, Иран, Сауд Арабия, Япония, Бириккен Араб Эмираттары, Корея Республикасы, Оман, Ирак, Вьетнам, Кытай жана Ливандын командалары жолдомо алышкан.
16-июнда Кытайда Азия кубогу башталат. Турнир матчтарын 10 шаар: Пекин, Тяньцзин, Шанхай, Чунцин, Чэнду, Сиань, Далянь, Циндао, Сямень жана Сучжоу өткөрөт.
Сүрөт www