Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Клара Сооронкулова: Садыр Жапаров өзүнө "импичмент" деген көр казып жатат

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы президентти Конституцияны бузду деп айыптады

Президенттикке мурдагы талапкер, Конституциялык палатанын экс-судьясы Клара Сооронкулова камактагы саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев боюнча комиссиянын түзүлүшү боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, «Садыр Жапаров «импичмент» деген көр казып жатат, анткени ал өзүм билемдик менен, Жогорку Кеңештин макулдугусуз Башкы прокурор Курманкул Зулушевди кызматтан убактылуу четтетүүгө укугу жок болчу.

«Конституциянын 73-беренесинде: «Президент төмөнкүдөй негиздер боюнча кызматынан бошотулушу мүмкүн: Конституцияны жана мыйзамдарды бузгандыгы үчүн; ЖКнын ыйгарым укуктарына, сот органдарынын ишмердигине мыйзамсыз кийлигишкендиги үчүн”. Бир сөз менен айтканда, Садыр Жапаров өзүнө “импичмент” деген чуңкур казып жатат”,-деп жазды Сооронкулова Фейсбук баракчасына.

Эске салсак, өткөн аптада Башкы прокуратуранын кызматкерлери УКМКнын “Альфа” атайын бөлүгүнүн катышуусунда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кармашкан. Чиновникке карата жети кылмыш иши козголуп, анын бири коррупция фактысы боюнча козголгон.

Төрт факты кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана атайылап пайдасыз келишим түзүү фактыларына байланыштуу.

Башкы көзөмөл органы министр бюджеттик каражатты пайдаланып, чет элдик компаниялардан вакциналарды сатып алып, оффшордук эсепке которгонун билдирди. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 1 миллиард 581 миллион сомду түзөт.

Ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлерине карата беш кылмыш иши козголгону белгилүү болду. Алымкадыр Бейшеналиев бир айга УКМКнын СИЗОсуна камалды.

Жыйынтыгында Садыр Жапаров баш прокурор Курманкул Зулушев менен саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан убактылуу четтетүү чечимин кабыл алды.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх