Кыргызстанда жаңы майрам – соттук эксперттин күнү пайда болду
Чечимге Акылбек Жапаров кол койду
4-июнь жыл сайын белгиленүүчү кесиптик майрам – Кыргыз Республикасынын соттук-медициналык экспертинин күнү катары белгиленет. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди
Мындай чечим Кыргыз Республикасындагы соттук-медициналык эксперттин ролун жогорулатуу максатында кабыл алынганы көрсөтүлгөн.
Быйыл өлкөдө соттук эксперттин кесибине 59 жыл толду.
«Белгилей кетүүчү нерсе, соттук экспертиза атайын билимдерди колдонуунун зарыл процессуалдык формасы катары укуктук мамлекетте маанилүү роль ойнойт жана сот адилеттигинин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Жарандык, жазык жана административдик иштерди кароонун алкагында тергөө аракеттеринин жана сот өндүрүшүнүн эң маанилүү элементтеринин бири – бул так соттук-медициналык экспертизаларды өткөрүү», - деп жыйынтыктады министрлер кабинети.
Сүрөт www