Казакстан чек араны кесип өтүүдө ПЦР текшерүү талабын алып салып, бардык өткөрүү пункттарын ачты
Жаңы эрежелер 8-июндан тарта күчүнө кирет
8-июндан тарта Казакстан чек арадан өткөндө эмдөө жана ПЦР ырастоо талаптарын жокко чыгарат. Бул тууралуу Казакстан Республикасынын Премьер-министринин расмий сайтында маалымдалды.
Маалым болгондой, Казакстандын өкмөтүнө караштуу ведомстволор аралык комиссия да мамлекеттик чек арадагы бардык автоунаа өткөрмө пункттарын ачуу чечимин кабыл алган.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз