Бишкекте 5-кабаттагы терезенин кыры менен жөрмөлөп кеткен кичинекей баланы куткарууга аракет кылышууда (фото)
Окуя болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен милиция кызды сактап калууга аракет кылып жатат
Бишкектин Үмөталиев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынын бийиктигинде 5 жаштагы бала терезеде турат. Окуя тууралуу Vesti.kg сайтына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
«5 жаштагы кыз 5-кабаттын терезесине жөрмөлөп чыгып кеткен», - деп айтылат кызматтын маалыматында. -Азыр ӨКМдин куткаруучулары менен милиция кызматкерлери жеринде баланы сактап калууга аракет кылып жатышат.
ӨКМ маалымат кызматы
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз