Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу: Менин кардарым дарылануу курсун аяктап жатат

Медициналык процедуралардан өткөндөн кийин экс-президент кайрадан №27 колонияга жеткирилет

Экс-президент Алмазбек Атамбаев жакында Улуттук кардиология жана терапия борборунда дарылануу курсун аяктайт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, бардык керектүү медициналык процедуралардан өткөндөн кийин анын кардары кайрадан №27 колонияга жеткирилет.

Кошумчалай кетсек, экс-өлкө башчынын жактоочусу бүгүн Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектептин курулушу боюнча дагы соттук отурум болгонун белгиледи. Соттук отурум 14-июнга жылдырылды.

Эске салсак, Атамбаевдин жактоочулары экс-президенттин ден соолугунун начар экенин бир нече жолу айтып, түзөтүү абагынан тышкары дарыланууга мүмкүнчүлүк берүүнү суранышкан.

Жыйынтыгында Атамбаев 2022-жылдын 26-майында Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулган.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх