Кыргызстандыктарды Финляндия менен Болгарияда мыйзамдуу ишке орноштуруу пландалууда
Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирди
Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев “Миграция жана өнүгүү: перспективалар жана жаңы мүмкүнчүлүктөр” эл аралык форумунда сүйлөп жатып, чет өлкөдө ишке орношуу багыттары тууралуу айтып берди.
«Учурда Финляндияда кыска мөөнөттүү айыл чарба иштерине жарандарды ишке орноштуруу боюнча келишимдерди түзүү иштери жүрүп жатат. Болгариянын жана башка бир катар мамлекеттердин иш берүүчүлөрү менен Кыргызстандын жарандарынын арасында эң популярдуу болгон келишимдер иштелип чыгууда. Германиянын иш менен камсыз кылуу боюнча федералдык агенттиги менен келишим түзүү пландалууда», - деди ал.
Анын айтымында, кыргызстандыктар министрлик аркылуу ишке орношуудан тышкары жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин кызматынан пайдалана алышат.
«Учурда республикада 117 жеке ишке орноштуруу агенттиктери иштейт. Алар дүйнөнүн 20 өлкөсүндөгү жарандарды жумуш менен камсыз кылышат. 2022-жылдын 5 айында 6 миңден ашык жаран жумуш менен камсыз болгон. Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында Орусия, Түркия, Корея өлкөлөрү эң популярдуу», - деди Базарбаев.
МТСОМ
Сүрөт www