Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте хоккей боюнча чемпионат өттү

Мелдешке Казакстан менен Өзбекстандан оюнчулар келишти

Бишкекте 2007-жылы туулган жана андан кичүү балдар арасында “Алтын шайба” спорттук олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектебинин хоккей боюнча ачык чемпионаты өттү.

Мелдешке Казакстан менен Өзбекстандын оюнчулары келишти – жети команда катышты:

"Бинокор" - Ташкент, Өзбекстан;
«Рахымжан» - Алматы, Казакстан;
"Кайсар 1", "Кайсар 2" - Кызылорда, Казакстан;
Локомотив, Алга 1, Алга 2 - Бишкек, Кыргызстан.

Мелдеш сергек жашоого үндөө жана балдардын ден соолугун чыңдоо, хоккейди өнүктүрүү жана жайылтуу, хоккей боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын резервин түзүү максатында өткөрүлдү.

Ар бир беттештин жыйынтыгында ар бир командадан мыкты оюнчу аныкталып, эстелик белек менен сыйланышты.

1-3-орундарды ээлеген командалар тиешелүү даражадагы дипломдор жана медалдар менен сыйланышты.

1-орун - "Бинокор";
2-орун - Локомотив;
3-орун - "Кайсар".

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх