Кыргызстанда Транспорт министрлиги жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө убактылуу чектөө киргизди
Тыюу салуу жай мезгилинде колдонулат
Кыргызстанда жүк ташуучу унаалардын коомдук жолдордо жүрүшүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, чектөөлөр 1-сентябрга чейин абанын күндүзгү температурасы 28 градустан жогору болгон учурда саат 10.00дөн 20.00гө чейин күчүндө болот. Учурда 18 тоннадан ашык жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө тыюу салынган. Бул жалпы пайдалануудагы жолдордун коопсуздугун камсыз кылып, пайдалануу мөөнөтүн узартат.
Жер-суу транспорту башкармалыгына Кыргызстандын аймагында жүк ташуу менен алектенген адамдар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды. Ошондой эле тиешелүү жол белгилерин орнотуу тапшырмасы берилди.
Сүрөт www