Депутат Айжигитов: Тажиктер анклавдардан оор техникаларды алып чыгышы керек
Парламентарий тажик тарап Баткен районундагы айылды өрттөп жатканын айтты
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов кечээ күнү Тажикстан максаттуу провокация жасаганын айтты.
«Баткен районунун Кык жайлоосунда Булак-Башы деген чакан айыл бар», - дейт ал. — Болгону 5-6 үй бар. Акыркы 5-6 жылдан бери тажиктер айылды биротоло талкалаш үчүн бул үйлөрдү өрттөп келишкен. Алар бул жайлоого ачык эле кол салышат. Муну Тышкы иштер министрлиги же УКМК жакшылап изилдеп чыгышы керек.
Ошону менен бирге парламентарий ТРнын жарандары оор техникаларын анклавдардан чыгарып кетүүсү керектигин айтты. Ал белгилегендей, эл аралык стандарттарга ылайык, оор техникаларды анклавдарга коюуга болбойт.
Сүрөт www