Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин парктарынан күнүнө эки тоннадан ашык таштанды чыгарылат

Борбор калаанын сейил бактарында жашыл мейкиндиктерге кам көрүү иштери уланууда

Күн сайын таң эртеден тарта Бишкек сейил бактарынын эмгекчил кызматкерлери сейил бактардын сырткы көрүнүшүнө кам көрүү үчүн сугаруу, газон чөптөрдү чабуу, гүлзарларды отоо, таштандыларды чыгаруу жана башка жумуштарды аткарышат.

Чабылгандан кийин ар бир парктан 2 рейс чөп чыгарылат. Орто эсеп менен бул 4 тоннаны түзөт. Күн сайын чыгарылып жаткан таштандынын жалпы массасы 2500 килограммдан ашат.

Сугаруу арык менен да, жетүүгө кыйын жерлерде да автоматтык сугаруунун жардамы менен жүргүзүлөт. Сугат үчүн сейил бактарга секундасына 0,6 метр куб суу берилет, бул секундасына 600 литрди түзөт.

Урматтуу жарандар! Парктарга баруунун эрежелерин сактап, сейил бактардын мүлкүнө кам көрүүңүздөрдү суранабыз!

Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх