Улуттук энергохолдинг: Камбар-Ата ГЭС-1ди куруунун жалпы сметасы 2 миллиард 916 миллион долларды түзөт
Маалым болгондой, курулуш өз булактарынын жана тартылган инвестициянын эсебинен каржыланат
Бүгүн, 2022-жылдын 8-июнунда президент Садыр Жапаров Камбар-Ата ГЭС-1дин курулушун баштады. Курулуштун пландаштырылган мөөнөтү 10 жылга чейин, ал эми биринчи агрегат 4 жылдан кийин ишке кирүүсү күтүлүүдө. Туура, эскертүү менен - туруктуу каржылоо болгон учурда.
Курулуштун жалпы бюджети кандай? Каржылоо булактары?
Vesti.kg сайтынын редакциясы маалымат алуу үчүн Улуттук энергохолдингге кайрылды.
“Камбар-Ата ГЭС-1ди куруунун жалпы сметалык баасы 2 миллиард 916 миллион 600 миң долларды түзөт”, - дейт ишкананын басма сөз катчысы Азамат Курамаев. - Курулуш 2022-2034-жылдарды камтыган алты этаптан турат. Долбоор республикалык бюджеттен жана тартылган инвестициялардын эсебинен каржыланат.
Ислам Жолдошов
сүрөт www