Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектик спортчулар Ливанда өткөн спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча Азия чемпионатында жеңүүчү аталды (фото)

Чемпионатка 16 мамлекет катышты. Кыргызстандан 33 спортчу катышты

Ленин районунун олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин окуучулары Ливан Республикасынын Жуния шаарында өткөн спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча Азия чемпионатына катышты.


Чемпионат 16 өлкөнүн спортчулары арасында өттү. Кыргызстандан 33 спортчу катышты.


Чоңдор арасындагы күжүрмөн самбо боюнча мелдештин жыйынтыгы боюнча:

- Карыяев Дайырбек - 1-орун (79 кг);
- Медет кызы Мираида - 1 орун (65 кг);
- Бараканов Саяк - 3-орун (64 кг).

Чоңдор арасында спорттук самбо боюнча:

- Абдумалик к.Самара - 1 орун (54 кг);
- Бараканов Белек - 3-орун (64 кг);
- Жолдошказиев Турарбек - 3-орун (98 кг);
- Медет кызы Мираида - 3-орун (72 кг).

Өспүрүмдөр арасында спорттук самбо боюнча:

- Аманкулова Канышай - 2-орун (50 кг);
- Сартов Алай - 3-орун (71 кг).

Биз сиздер менен, биздин спортчулар менен сыймыктанабыз жана мындан ары да ийгиликтерди каалайбыз!

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх