Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сот Курманбек Дыйканбаевди кылмыштын курамы жок деп актады

Алдын ала маалыматтарга караганда, экс-президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү тергөө менен кызматташып жатат. Андан сырткары 7 миллион сом төлөгөн

Биринчи Май райондук соту президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаевди кылмыштын курамы жок деп актады. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына соттун басма сөз кызматы билдирди.

Мурдагы чиновник тергөө менен кызматташууга макул болуп, андан тышкары жети миллион сом төлөп бергени көрсөтүлгөн.

Эске салсак, 2020-жылы президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалган.

Тергөө 2020-жылдын октябрындагы шайлоо өнөктүгү учурунда Дыйканбаев саясий партиялардын биринин кызыкчылыгын көздөп, стратегиялык маанидеги мамлекеттик ишканалардын биринин жетекчисин коркутуу менен ага 7 миллион сом которууга мажбурлаганы аныкталган. Баш тарткан учурда ээлеген кызматынан бошотуларын айткан.

Ал шайлоо өнөктүгү маалында мыйзамсыз жол менен алынган акчаны пайдаланып, ошону менен өзүнүн жеке кызыкчылыгына кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өзүнө көбүрөөк добуш алууга кепилдик берген.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх